вторник, 7 июля 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясы абитуриенттерди кабыл алууну баштады

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы бүгүн 7-июлда 2015-2016-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алды. Мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгынын негизинде талондорун өздөрү каалаган факультеттердин урналарына салып жатышты.


Баса белгилеп айтсак, быйыл да жылдагыдай эле Мамлекеттик башкаруу Акалемиясына тапшырууну каалаган абитуриенттердин саны арбын болууда. Мындай көрүнүштү кабыл алуу комиссиясына келип 1-турга катышып жаткан элдин агымынан байкасак болот. Биринчи турга катышкан абитуриенттер эки күндөн кийин, тактап айтканда, 10-июль күнү окуу жайга келип, өткөндүгү тууралуу маалыматты алышат. Бул тууралуу жагымдуу маалыматтар Академиянын дубалына илинет.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенти болууну каалап, татыктуу билим алууга умтулган жалпы абитуриенттерге ак жол каалайбыз! Күчтүү адистер! Күчтүү мамлекет!   



  









































Комментариев нет:

Отправить комментарий