Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Улуу
Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата ректордун кубогу үчүн кичи-футбол
боюнча турнир өттү.
КРПМБАнын
ректорунун кубогу үчүн өткөрүлгөн кичи-футбол боюнча турнир окуу жайдын жыл
сайын улантуучу салты. Турнирге окуу жайдын футболдук командалары гана чогулбастан,
көптөгөн сүрөөнчүлөр дагы катышты. Жыл сайын өткөрүлчү бул турнирдин максаты –
студент жаштардын арасында дене-тарбия жана спортту даңазалоо, дени сак жашоо
образын калыптандыруу аркылуу физикалык жана руханий жакты өнүктүрүү.
Турнирге
жалпысынан Академиянын 9 командасы катышты. Футбол ынтымак-достукту чыңдаган
атмосферада өттү.
Жеңүүчүлөр
«КРПМБАнын
ректорунун Кубогу» жана грамоталар менен сыйланды.
Жеңүүчү командалар:
1-орун
- «Неудержимые» ГМУ 4-13 командасына «КРПМБАнын ректорунун Кубогу» жана грамоталар тапшырылды.
2-орун
- ИТ в ГМУ 1-12
командасы.
3-орун
- ГМУ 3-13 командасы.
Кошумчалай
кетсек, бул иш-чара КРПМБАнын Карьера борборунун директору Эльмира Турсунованын
жетекчилиги алдында уюштурулду.
Комментариев нет:
Отправить комментарий