Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу
Академиясында 2015-жылдын 21-апрелинде Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жаштар
иштери боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу программасынын
бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи болот.
«Жаштар үчүн перспективалар» иш-чарасы Эл аралык
кызматташтык (GIZ) – немис коомунун программасы боюнча кол коюлган келишимдин
негизинде өтөт.
Квалификацияны жогорулатуу программасы беш модулдан
турат. Тренингдердин окутуу программалары интерактивдик методикаларды максималдуу
пайдалануу менен түзүлгөн: моделдештирүү, аткаруучу оюндар, кичи топтордогу
иштер, мээнин штрому ж.б.у.с. Тренингдердин ортосундагы тыныгуу бир ай.
Тренингдерди иш-жүзүнө ашыруу процессинде угуучулардын алган билимине баа
берилет жана жыйынтык портфолиосу толтурулат.
Өткөрүлүүчү күнү 2015-жылдын 21-апрели. Өткөрүлүүчү жайы:
Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү № 477, КРПМБАнын 3-корпусу, 2-кабат, № 208
аудитория. Башталышы: 17:00 – 19:20.
Программаны Эл аралык кызматташтык (GIZ) Германия коому каржылайт.
Комментариев нет:
Отправить комментарий