Республикалык көркөм окуу сынагында баш
байгени КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти Ажыбек
Турумбеков алды.
Бишкек шаарындагы жогору жана кесиптик-техникалык окуу
жайларынын ичинен тандалып алынган 28 катышуучу 18-ноябрда республикалык
көркөм окуу сынагында таймашты. Сынак К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык
университетинин концерттик залында өттү.


